Кыргызстан коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул пландарынын алкактарында мониторингдин үчүнчү раундунун жыйынтыктары боюнча жогорку баа алды

Новости
21-Октябрь 2015-ж.
1982

2015-жылдын 7-октябрынан 9-октябрына чейин Парижде Чыгыш Европа жана Борбор Азия үчүн коррупция менен күрөшүү боюнча ӨКОУ Желесинин Пленардык жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын өкүлү башында турган, курамына Экономика министрлигинин өкүлү кирген Кыргыз делегациясы коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул пландарынын алкактарында мониторингдин үчүнчү раундунун жыйынтыктары боюнча аралык отчетун берди.

Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы чараларды аткаруусун мониторингдөө жана аткаруу боюнча толук ыйгарымдуу органы болу менен улуттук отчеттун биринчи жана үчүнчү бөлүгү үчүн жооп берди.

Жыйынды жана отчетту талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы эл аралык эксперттер тарабынан жогорку баа алды. Ошентип, мониторингдин үчүнчү раундунун жыйынтыктары боюнча 25 сунуштама коюлду, алардын ичинен 15 сунуштама боюнча прогресс белгиленди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу