Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосунда бажы процедураларын санариптештирүү жана декарбонизация боюнча өз ара түшүнүшүү боюнча меморандум долбоорлоруна кол коюлду

Новости
24-Октябрь 2023-ж.
1181

2023-жылдын 24-октябрында Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) “С5+1” (Борбор Азия+АКШ) аймактык дипломатиялык платформасынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономика жана  коммерция министрлеринин жана АКШнын аймактык интеграция боюнча Өнүктүрүү агенттигинин (USAID) башчысы Саманта Пауэрдин жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууга кыргыз тараптан КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов катышты. 

2023-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркто (АКШ) Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын президенттеринин катышуусунда биринчи тарыхый С5+1 саммити өткөн. Жыйынтыгында Нью-Йорк декларациясы кабыл алынган.

Саммиттин жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлери жеке сектор үчүн бизнес-платформаны түзүү аркылуу соода жана инвестиция үчүн жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү маселелерин талкуулашкан.

Ушуга байланыштуу, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлеринин тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) биринчи министрлердин жолугушуусун уюштуруп, анда аймактын өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө туруктуу салым кошо турган практикалык кадамдарды талкуулады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инклюзивдик жана туруктуу экономикалык өсүү, бажы процедураларын санариптештирүү, сооданы жеңилдетүү, санариптик жана жашыл экономиканы өнүктүрүү, аймактык жана ошондой эле электр менен камсыз кылууну көбөйтүү үчүн региондогу энергетикалык интеграцияны жакшыртуу, глобалдык интеграция, Транс-Каспий соода жолунун потенциалын жогорулатуу жаатындагы маселелер талкууланды.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы Борбор Азиядагы бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоору жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Борбор Азиядагы декарбонизация боюнча кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоору кабыл алынды. 

Маалымат иретинде:

С5+1 форматы – бул көп тараптуу форум, анын башталышы 2015-жылдын ноябрында Самаркандда БА беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин АКШ менен жолугушуусунда Борбор Азия мамлекеттери менен Америка Кошмо Штатынын ортосундагы аймактык кызматташтыкты жана мамилелерди кеңейтүү максатында түзүлгөн.

Самаркандда механизм расмий ишке киргизилгенден кийин платформа азыркы учурга салыштырмалуу институционалдаштырууга ээ болду, виртуалдык Катчылык түзүлдү, ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар салыштырмалуу үзгүлтүксүз болуп калды, регионалдык кызматташтыктын айрым багыттары боюнча тармактык жумушчу топтор түзүлдү, анда Кыргыз тарап экономикалык маселелер боюнча жумушчу топтун теңтөрагасы болууга даяр экендигин билдирди.

С5+1 форматындагы жолугушууларда аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсү, айлана-чөйрөнү коргоо, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу