КР ЭКМи МЖӨ механизмин колдонуу менен трансчек аралык транспорттук коридорлорду жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрдү

Новости
24-Октябрь 2023-ж.
1164

2023-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахмановдун төрагалыгы алдында ЕЭКтин Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошевдин катышуусунда “МЖӨ механизмин колдонуу менен трансчек аралык транспорттук коридорлор жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү” темасындагы тегерек стол болуп өттү.  Бул иш-чарага AXELCIUM компаниясынын башкы директору жана мамлекеттик органдардын жана жеке уюмдардын өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө транспорт, энергетика жана экономиканын башка секторлорунда МЖӨнүн келечектүү долбоорлору, ошондой эле МЖӨ операциялары боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмин андан ары өнүктүрүү боюнча долбоорлор сунушталды.

Тегерек стол дискуссия жана талкуу форматында өттү, анын жыйынтыгында катышуучулар инфраструктуралык долбоорлор үчүн МЖӨ механизминин маанилүү ролун белгилешти. Ал эми жалпы максаттарга жетүү үчүн өз ара аракеттенүү жана кызматташуу механизмдерин күчөтүү зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу