Кыргызстан үчүн адаптациялык долбоорлордун сунушталган концепциялары жөнүндө маалымат

Новости
21-Октябрь 2015-ж.
2109

Экономика министрлигинде өлкөнүн суу жана энергетика секторлорундагы климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча экономикалык таасирлерди жана чыгымдарды аныктоо боюнча АӨБ менен өз ара аракеттенүүсү боюнча Жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Жыйында кызыкдар министрликтер жана ведомстволордун, илимий уюмдардын жана ӨЭУ өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө эксперттердин эл аралык тобунун жетекчиси Питер Маакке мырза Борбор Азия өлкөлөрүндө климаттын өзгөрүшүнүн экономикалык параметрлери боюнча АӨБ отчетун даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле эксперттердин улуттук тобунун жетекчиси Кыргыз Республикасы үчүн адаптациялык долбоорлордун сунушталган концепциялары жөнүндө маалымдады.

Адаптациялык долбоорлорду тандоодогу ачык-айкындуулукту камсыздоо максатында, сунушталган бардык долбоордук идеяларды коомчулуктун кеңири чөйрөсүнө тааныштыруу үчүн Экономика министрлигинин сайтында жайгаштырылат.

Бардык кызыктырган суроолор боюнча Экономика министрлигинин донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрысаңыздар болот,

661837

620535 (кошумча139)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу