Министр Д.Амангелдиев Кыргызстандын стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлерин куттуктайт

Новости
24-Октябрь 2023-ж.
1151

«Урматтуу стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлери, коноктор, кесиптештер!

Бүгүн маанилүү күн. Өлкөнүн экономикасын башкарууда стандартташтыруу жана метрологиянын маанилүү ролун эске алып, өлкө өкмөтү 1996-жылдын 1-октябрындагы атайын токтому менен жыл сайын 24-октябрды Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү катары белгилейт.

Стандарттар биздин жашообузда бекем орноду. 14-октябрда (он күн мурда) дүйнөлүк коомчулук Бүткүл дүйнөлүк стандарттар күнүн белгиледи жана ал “Жакшы дүйнө үчүн бирдиктүү көз караш. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн стандарттары» урааны астында өттү.

Социалдык өнүгүүнүн азыркы этабында стандарттардын ролу өтө чоң – алар туруктуу экономикалык өнүгүүгө, климатка болгон таасирин азайтууга, социалдык дисбаланстарды жоюуга жана башка көптөгөн нерселерге көмөктөшөт.

Стандартташтыруу жана метрология продукциянын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, процесстердин жана башкаруу системаларынын коопсуздугуна жана сапатына талаптарды белгилөөчү, улуттук сапат инфраструктурасынын компоненттеринин бири жана негизги звеносу болуп саналат. 

Стандарттар бизнеске, өкмөткө жана бүтүндөй коомго ар кандай оң өзгөрүүлөрдү жана инновацияларды бөлүшүү үчүн ишенимдүү негиз берет.

Ар түрдүү тармактардагы стандартташтыруу боюнча адистердин жана метрологдордун күнүмдүк күжүрмөн эмгеги өнөр жайды өнүктүрүүгө жана коомдун ар тараптуу туруктуу өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктарды жеңүүгө өбөлгө түзөт.

Бул салтанаттуу күндө ата мекендик стандартташтыруу менен метрологиянын флагманы болгон Кыргызстандартсыз биздин коомдун турмушун элестетүү мүмкүн эмес деп айтууга болот. Кыргызстандардын ишенимдүү өнүгүшү өлкөнүн техникалык прогрессине, бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

Урматтуу кесиптештер жана биздин коноктор!

Бүгүн бул жерде министрликтердин, ведомстволордун, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес структуралардын өкүлдөрү катышууда.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук жана Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү ишиңизде чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!”

Министр                                                        Д. Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу