Жекече чайкоочу ишти жүзөгө ашыруу үчүн ар жылкы патент алуу талап кылынат

Новости
21-Октябрь 2015-ж.
1983

Чачынды алтынды жекече казып алуу боюнча жекече чайкоочулук иштерди тартипке келтирүү, ошондой эле алынган металлды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана анны башка өлкөлөргө алып чыгууга бөгөт коюу максатында, министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында чачынды алтынды жекече казып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө» жобону иштеп чыкты.

Бул Жободо жеке чайкоочулар чачынды алтынды казууга байланыштуу жумуштарды жүргүзүүдө жер казынасынын бүтүндүүлүгүн олуттуу бузбастан иштетүүсүн караштырат. Чачынды алтынды казууга байланыштуу жумуштарды жүргүзүүдө жекече чайкоочу кумдан алтынды алуунун гравитациялык гана ыкмасын колдонууга милдеттүү. Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуу менен алтынды бөлүп алуу технологиясын колдонууга таптакыр тыюу салынат (цианиддөө, амальгамациялоо ж.б.).

Муну менен бирге, жекече чайкоочу экологиялык, техникалык, өрт коопсуздугу жана жаратылышты коргоо боюнча зарыл эрежелерди жана чараларды сактоосу өтө маанилүү.

Ошондой эле, чачынды алтынды казуу жана чайкоо боюнча иш мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт жана көптөгөн сандагы кирешелерди мыйзамсыз алуу менен көмүскө жүгүртүүдө экендигин белгилей кетүү зарыл. Буга байланыштуу, Жобонун бирден бир маанилүү милдеттеринин бири чачынды алтынды казуу жана чайкоону көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгуу, мыйзамдаштыруу жана, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кум түрүндөгү алтынды кабыл алууну жана сатууну тез арада тартипке келтирүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу