“Central Asia Gateway” мыкты соода маалымат порталы деп табылды

Новости
23-Октябрь 2023-ж.
1303

16-октябрдан 20-октябрга чейин Абу-Дабиде (БАЭ) өткөн Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумда “Central Asia Gateway” аймактык соода маалымат порталы “Санариптик өкмөт” сыйлыгын тапшыруу аземинде “Мыкты соода маалымат порталы” деп табылды.

Аймактык “Central Asia Gateway”  Борбордук Азиядагы өлкө порталдарынан алынган маалыматтарды топтойт жана колдонуучуларга белгилүү бир продуктылар жана чек арадагы соода формалдыктары боюнча маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берет жана бул өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө бул формалдуулуктарды салыштырууга көмөктөшөт.

Улуттук соода маалымат порталынын оператору болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Тышкы сооданын бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы саналат. Порталдын максаты - соода жол-жоболору боюнча маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, бул Кыргызстандын ишкерлеринин убактысын, чыгымдарын кыскартуу жана экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Маалыматтык соода порталы Эл аралык соода борборунун “Ready4Trade – Борбордук Азия” долбоорунун алкагында Европа биримдигинин каржылоосу менен иштелип чыккан.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу