ЕЭК Кеңеши өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жөнүндө жобонун долбоорун жактырды

Новости
23-Октябрь 2023-ж.
1341

2023-жылдын 20-октябрында видеоконференция режиминде өткөн ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан өнөр жай тармагындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобонун долбоору жактырылды.

Долбоор 2023-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын бекитүүсүнө сунушталат.

Жобонун долбооруна ылайык, биргелешкен кооперация долбоорлоруна финансылык жардам (кеминде 3 мүчө мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусу менен) кредиттик келишим менен белгиленген союздук бюджеттин каражаттарынын эсебинен тармактарда кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында берилген кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык ченди субсидиялоо түрүндө берилет.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү документтерди колдошту:

1. « «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин «Ишкердик субъекттери  Евразия экономикалык биримдигинин Сотуна кайрылууда төлөнгөн алымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө» Комиссия кеңешинин чечими;

2. «Евразия экономикалык комиссиясынын регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө» Комиссия кеңешинин чечими;

3. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору жөнүндө» Комиссия кеңешинин чечими;

4. Комиссиянын Кеңешинин «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» чечими;

5. «Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Комиссия кеңешинин буйругу;

6. «Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейин стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 10.3.1, 10.5.2 жана 10.5.3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Комиссия кеңешинин буйругу;

7. Комиссия Кеңешинин «Бажы бирлигинин «Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу (ТР 026/2012);

8. Комиссиянын Кеңешинин «Медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими;

9. Комиссия Кеңешинин «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетунун жыйынтыгы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө» буйругу;

10. «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 19-майындагы No 85 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Комиссия кеңешинин чечими;

11. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин «Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» чечиминин долбоору тууралуу» Комиссия кеңешинин чечими ;

12. «Евразия экономикалык комиссиясынын Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Комиссия кеңешинин чечими;

13. Комиссия Кеңешинин чечими, Комиссия Кеңешинин буйругу «Евразия экономикалык бирлиги менен ага мүчө мамлекеттердин, экинчи жагынан, Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

14. Комиссиянын кеңешинин «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 29 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» буйругу.

ЕЭК Кеңешинин кийинки жыйыны 2023-жылдын 24-ноябрында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу