Самаркандга тамак-ашка жарамдуу картошка менен камсыз кылуу келечеги тууралуу

Новости
19-Октябрь 2023-ж.
1324

Жакында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Самарканд облустук аймактык башкармалыгынын жетекчилигинин жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушууда эки коңшу өлкөнүн аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты Самаркандга жегенге жарактуу картошканы жеткирүүнүн келечегин талкуулоо болду. Тараптар достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өз ара ишенимге жана кызматташтыкка негиздеп, жигердүү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүү экендиктерин ырасташты.

Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жакынкы аралыкта Самарканд облусунун ири ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ниетин билдиришти. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине экспортко багытталган картошканын наркы, сорттору жана көлөмү жөнүндө берген маалыматтын негизинде кабыл алынган.

Жыйынтыгында эки тарап жемиштүү кызматташууга жана соода-экономика тармагында жаңы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө үмүт артышт

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу