Экономика жана коммерция министрлиги келишимдерди түзүүнү уюштурууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү максатында КР экспортерлоруна ыраазычылык каттарын тапшырды

Новости
17-Октябрь 2023-ж.
1245

2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин аянтында КР ЭКМдин Түркиядагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков менен «Элдин жаңы рыноктору» көргөзмөсүнүн катышуучуларынын 2023-жылдын 15-сентябрынан 17-сентябрына чейин Стамбулда өткөн Ортоңку Коридор өлкөлөрү” деген аталышта төмөнкү ата мекендик бренддердин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү:

- Toйбосс;

- Салих;

- Аль-Халал;

- Prod impex;

Био компот;

- Атилла;

- Ecoproduct Asia;

Жаңы балык (консерваланган форель);

жана башкалар.


Соода өкүлү КР Экономика жана коммерция министрлигинин атынан ыраазычылык сөздөрүн билдирип, КР Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаевдин ыраазычылык катын тапшырды.


Соода өкүлү экспортчуларга көргөзмөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, түрк импорттоочулары кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн товарларын Түркиянын рыногуна сатууга активдүү кызыкдар экенин билдирди.


Ал ошондой эле КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен «Happy Center» ири соода түйүнүнүн ээси Явуз Алтун мырзанын жолугушуусунда «Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны  Happy Center» соода түйүндөрүндө. сатуу боюнча макулдашууга жетишилгенин» билдирди. Ошону менен бирге соода өкүлү экспортчуларды жогоруда аталган компания менен келишим түзүүнү уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу