Айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча Борбор Азиянын жумушчу тобунун аймактык жыйыны тууралуу

Новости
17-Октябрь 2023-ж.
1398

2023-жылдын 9-10-октябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү боюнча Борбордук Азия жумушчу тобунун VII жыйынына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология департаментинин адистери, КР ЭКМнин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери жана Кыргызстандын жашылча-жемиштер ассоциациясынын директору катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө, GLOBALG.A.P катчылыгында улуттук техникалык жумушчу топтун арызын каттоо жана GLOBALG.A.P стандартынын негизги талаптары боюнча республиканын аймактарында өткөрүлгөн тренингдер, UNECE жана GLOBALG.A.P стандарттары боюнча жаңы жашылчалар жана мөмө-жемиштер боюнча түшүндүрмө плакаттарды иштеп чыгуу, GLOBALG.A.P. стандарты боюнча сертификаттоо боюнча Улуттук чечмелөө документинин долбоору боюнча республикада аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу