Бишкекте Электрондук коммерция боюнча E-Commerce EXPO 2023 форуму өтөт

Новости
16-Октябрь 2023-ж.
1470

Дүйнөлүк деңгээлдеги башкы өнөктөш Visa менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция Ассоциациясы эл аралык электрондук коммерция форумун 22-октябрда Бишкек шаарында e-Commerce EXPO 2023 өткөрүүнү сыймыктануу менен жарыялайт.

Бул иш-чаранын максаты - Кыргызстандын электрондук коммерция рыногун активдүү өнүктүрүү жана стратегиялык маанилүү тармакта билим жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү. E-Commerce EXPO 2023 электрондук соода тармагындагы ири эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн чогултат.

E-Commerce EXPO 2023 көргөзмөсүндө Visa, OZON, Alibaba сыяктуу ири компаниялардын спикерлери, ошондой эле төмөнкү негизги темалар боюнча өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшө турган башка эксперттер катышат:

- Маркетплейстер.

- Финансылык төлөмдөр.

- Транспорттук логистика.

- Инфраструктура.

- Эл аралык платформаларда соода жүргүзүү тажрыйбасы.

E-Commerce EXPO 2023 форуму кеңири аудитория үчүн абдан кызыктуу болорун убада кылууда. Бул ири бизнеске онлайн жана оффлайн аймактарында стратегияларын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле чакан жана орто бизнеске аудиториясын жана рыногун кеңейтүүгө жардам берет.

Иш-чаранын катышуучулары жаңы билимдерге, инструменттерге жана ыкмаларга ээ болушат, ошондой эле көрүнүктүү баяндамачылардын жана эксперттердин тажрыйбасынан пайдалана алышат, бул аларга өз бизнесинде инновациялык чечимдерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ачат.

E-Commerce Forum e-Commerce EXPO 2023 көргөзмөсү 2023-жылдын 22-октябрында NOVOTEL мейманканасында өтөт.

Билеттерди Ticket.kg https://ticket.kg/event/ecom-expo сайтынан же уюштуруучулар менен байланышып: +996 998 10 00 18 сатып алсаңыз болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу