Бүткүл дүйнөлүк стандарттар күнү жана КР стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү Экономика жана коммерция министрлигинде өтөт

Новости
13-Октябрь 2023-ж.
1299

Жыл сайын 50 жылдан ашык убакыттан бери 14-октябрда дүйнөлүк илимий-техникалык коомчулук Бүткүл дүйнөлүк стандарттар күнүн белгилейт.Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы иш-чаралар белгилүү бир ураан астында өткөрүлөт.

Дүйнөлүк стандарттар күнүнүн 2023 –жылга урааны - "Жакшы дүйнө үчүн жалпы көз караш: ЦУР 3 - дени сак жашоону камсыз кылуу жана бардык курактагы адамдардын бакубаттуулугун жогорулатуу".

Стандартташтыруу боюнча үч алдыңкы эл аралык уюмдун – Эл аралык электротехникалык комиссиянын (МЭК), Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмунун (ISO) жана Эл аралык электр байланыш биримдигинин (ЭЭБ) жетекчилери өздөрүнүн салттуу билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгилешет -  сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүү адамдын укугу жана туруктуу өнүгүү үчүн зарыл. ЦУР 3 максаты сергек жашоону камсыз кылуу жана бардык курактагы ар бир адамдын жыргалчылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Бул максатка жетүү үчүн эл аралык стандарттар жана шайкештикти баалоо маанилүү ролду ойнойт. Алар санариптик саламаттыкты кабыл алуу, изилдөө жана иштеп чыгуу, өндүрүү жана саламаттык сактоо түзүлүштөрүн жана системаларын тейлөө үчүн глобалдык негизди камсыз кылат, жалпы коомчулук үчүн натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү медициналык аппараттардын, кызматтардын жана системалардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Алар ошондой эле ден соолуктун жакшы натыйжаларына жетүү үчүн кызматташууга үндөгөн натыйжалуу саясаттарды жана эрежелерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик технологиялар өнүккөн сайын, IEC, ISO жана ITU стандарттары системалардын коопсуздугун жана пациенттин купуялыгын коргоону камсыз кылууга жардам берет. Биз 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча күн тартибин ишке ашырууну тездетүү үчүн  жана ЦУРдун максаттарына жетүү үчүн стандарттарды колдонуу жана жакшыраак дүйнө үчүн биздин бирдиктүү көз карашыбыздын негизинде биргелешип иштеп жатабыз”.

Бүткүл дүйнөлүк стандарттар күнүнө жана Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара 2023-жылдын 24-октябрында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, министерстволор,  ведомстволор, бизнес өкүлдөрүнүн жана башка кызыккан тараптардын катышуусунда өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу