Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы соода мамилелерин бекемдейт

Новости
13-Октябрь 2023-ж.
1465

2023-жылдын 11-октябрында, Өзбекстан Республикасында, Ташкент ш., Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу КР Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү жана Өзбекстан Республикасынын Соода – өнөр жай палатасынын (мындан ары-Соода-өнөр жай палатасы) өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды талкуулоого жана бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Жолугушуунун башкы максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу келечегин талкуулоо болду. Тараптар өз ара ишенимге жана кызматташтыкка негизделген достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чечкиндүүлүгүн ырасташты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын аймагында Кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн тамак-аш көргөзмөсүн уюштурууну жана өткөрүүнү алдын ала талкуулашты.

Тараптар жергиликтүү тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды сунуштоо жана жайылтуу үчүн жагымдуу платформа түзүүгө жалпы кызыгуусун жана чечкиндүүлүгүн билдиришти. Бул көргөзмө ишканаларга жана компанияларга өз продукцияларын көрсөтүүгө, жаңы бизнес байланыштарын түзүүгө жана таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Түзүлгөн дискуссия тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн гана эмес, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы бул тармактагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдөө үчүн потенциалды да баса белгиледи. Пландаштырылып жаткан тамак-аш көргөзмөсү соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана Кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн тамак-аш продукциясынын экспортун көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Соода өкүлчүлүгү Соода-өнөр жай палатасына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууну улантууга үмүттөнөрүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлчүлүгү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу