Жер участокторун дипломатиялык өкүлчүлүктөргө ижарага берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты

Новости
20-Октябрь 2015-ж.
1991

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу үчүн жер участоктор менен алмаштыруу артыкчылыктуу шарттарда өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөр аларга мамлекет тарабынан тийиштүү жер участоктору берилген учурда, өкмөт аралык макулдашууларды түзбөстөн ижарага алуу шарттарында ал жерлерге жайгашууга даяр экендигин билдиришет.

Бирок, тажрыйбада мамлекеттик менчикте турган жер участоктору чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүн жайгаштыруу үчүн макулдашуулардын алкагынан тышкары ижарага берилген эмес.

Бул маселени эске алуу менен, чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө убактылуу пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн тийиштүү методикасын, ошондой эле ижара акысынын өлчөмүнүн эсеп тартибин иштеп чыгуу зарылдыгы жаралган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте мамлекеттик менчикте турган жер участокторун чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө убактылуу пайдаланууга берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты иштелип чыкты.

Бул долбоор 2015-жылдын 19-октябрында жактыруусун алуу үчүн жана андан ары министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу үчүн Өкмөткө киргизилди.

Ченемдик укуктук актынын долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу