КР менен РФ экономикалык ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү

Новости
12-Октябрь 2023-ж.
1382

Онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын алкагында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Волвачтын ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.

Кыргыз тараптан жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Маил Алияскаров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Элмира Батаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жашыл энергетика фондунун директору Эмил Орозбаев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси Эрмек Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги Асел Бегматова катышты. 

Орус тараптан «Русагро» компаниялар тобунун өкүлдөрү: Горячев Сергей Станиславович, Алексей Охлопков, Россиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары Михаил Медведев, «Метрогипротранс» ААК директорлор кеңешинин төрагасы Абрамсон Валерий катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар онунчу мааракелик кыргыз-орус региондор аралык конференциясынын ишинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти, анын жүрүшүндө 4 панелдик сессия өткөрүлдү. Көргөзмөнүн иши уюштурулду, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен B2B жолугушуулар өткөрүлдү жана Кыргызстан менен Россиянын облус башчыларынын ортосунда бир катар аймактар аралык келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары, Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын прогрессивдүү өнүгүү динамикасын белгилешти. Аны иштеп чыгууда Тараптар РУСАГРО компаниялар тобунун Кыргыз Республикасындагы айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорун, «Бишкек-Күнтүү-Белогорка-Суусамыр» автожолун куруу» МЖӨ инвестициялык долбоорун ишке ашыруу,  «UNIGREEN» компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасында күн электр станциясын куруу жана андан ары эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоордун мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар активдүү фазада кызматташууну улантууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруу пландаштырылган биргелешкен долбоорлор боюнча маалымат жана тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу