ЭЭЗ башкы дирекцияларынын функцияларын, укугун жана милдеттерин аныктоо сунушталууда

Новости
20-Октябрь 2015-ж.
2010

ЭЭЗде ыңгайлуу иштөө шарттарын колдоо, жана ЭЭЗ башкы дирекциясынын ишин жакшыртуу максаттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусуна байланыштуу «Бишкек», «Каракол», «Лейлек», «Маймак» жана «Нарын» ЭЭЗдери жөнүндө Жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан 2014-жылдын 1-августунда «Жогоруда аталган ЭЭЗдер жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты.

Бул Токтом долбоору аркылуу «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамынын терминдерине ылайык келтирүү максатында ЭЭЗ Жоболорунун аталыштарына жана терминдерине редакциялык оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Токтом долбоору менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу