Экономика жана коммерция министрлиги: «Альфа Телеком» ЖАК Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилди

Новости
12-Октябрь 2023-ж.
1602

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын алкагында 2023-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги электрондук аукцион өткөргөнүн билдирет. 

Аукциондун жыйынтыгы боюнча «Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакети 100% мамлекетке таандык «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКсына активдер жана капиталдаштыруу катары өткөрүлүп берилет, бул компаниянын ишмердигине жана абоненттерге тейлөө сапатына эч кандай таасир этпейт, бирок компаниянын технологиялык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүчү инвестицияларды натыйжалуураак киргизүүгө гана салым кошот.


Мобилдик оператордун маалыматы боюнча, «MEGA динамикалык өнүгүү үчүн алган курсун улантат. Компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Байланыш инфраструктурасы кыйла интенсивдүү өнүктүрүлөт жана өзгөчө Кыргызстандын жетүүгө кыйын аймактарында тармактын камтылышын андан ары кеңейтүүгө багытталган. Мобилдик оператор мындан ары да Fintech секторуна чоң көңүл бурат.

Байланыш жана санариптик кызматтардын сапатын өнүктүрүү жана жакшыртуу оператордун артыкчылыктуу милдеттери бойдон калууда. Максат мурдагыдай эле – Кыргызстандагы алдыңкы жогорку технологиялуу уюлдук оператор болуу».

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу