КТК кайра иштетүүчү завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

Новости
11-Октябрь 2023-ж.
1241

КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангешлдиев кореялык инвесторлор менен катуу тиричилик калдыктарын (КТК)  кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча жыйын өткөрдү.

Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн жана курчап турган чөйрөнү коргоонун актуалдуулугун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын ири шаарларында катуу калдыктарды кайра иштетүүчү ишканаларды куруу азыркы учурда мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Долбоордун максаты – Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруунун системалуу механизмин түзүү:

- таштандыларды жыйноодон, ташуудан баштап жана аларды утилдештирүү менен аяктаганга чейин башкаруу системасын комплекстүү өркүндөтүү;

- шаар уруксат берген таштанды полигонун рекультивациялоо жана жаңы полигонду куруу аркылуу экологиялык абалды жакшыртуу.

Ошол эле учурда долбоордо төмөнкү иш-чаралар каралган:

- жаңы санитардык полигонду куруу (анын ичинде кире турган жол);

- полигонду иштетүү үчүн жабдуулар жана механизмдер.

-Ишкананын имараттарын модернизациялоо (курулуш иштери, жабдуулар жана эмеректер).

- Таштанды контейнерлери менен камсыз кылуу.

- Таштандыларды кабыл алуу пункттарын реабилитациялоо.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу