Түркиядагы кыргызстандык ишкерлердин (экспортчулардын) укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын планын биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
09-Октябрь 2023-ж.
1170

2023-жылдын 2-октябрында Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркия Республикасындагы Соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Түркия Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Шереф Малкоч мырза менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө соода өкүлү белгилегендей, Соода өкүлчүлүгү соода маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт жана кыргызстандык ишкерлерди (экспорттоочуларды) коргоону камсыз кылат, ошондой эле Кыргызстандын продукциясын Түркия Республикасына экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн соода-экономикалык мамилелерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө салым кошот. 

Жолугушуунун жыйынтыгында Түркиянын Акыйкатчысы Түркия Республикасынын Омбудсменинин Аппаратынын атынан Кыргыз Республикасынын ишкерлери (экспорттоочулары) менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерин Акыйкатчынын кеңешчиси Вейсел Ширинди аныктап, тараптар ошондой эле Түркиядагы кыргызстандык ишкерлердин (экспортчулардын) укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну биргелешип иштөөгө макулдашышты. 

Акыйкатчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын ишкерлерине (экспорттоочуларына) жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө ишендирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу