Мамлекеттик компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулук жана маалыматтарды ачып берүү маселелери жөнүндө

Новости
06-Октябрь 2023-ж.
1165

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2023-жылдын 14-августунда “Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачып берүү  маселелери тууралуу” № 409 токтому кабыл алынды, аталган токтом долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдарга карата Иш-аракеттер планынын 255 жана 256-пункттарын аткаруу максатында демилгеленген.


Аталган токтомго ылайык мамлекеттик компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулуктун жана маалыматтарды ачыкка чыгаруунун форматы бекитилди.


Ошентип, бекитилген отчеттуулуктун бирдиктүү форматына ылайык бардык мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан, акционердин укуктарын мамлекеттик органдар жүзөгө ашырган чарбалык коомдор жыл сайын финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга беришет.


Мамлекеттик компаниялар берген маалыматтар бирдиктүү отчетко топтоштурулат, ал мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.


Ошентип, мыкты алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен, мамлекеттик катышуусу бар ишканалардын бүткүл портфели боюнча жыйынтыкталган отчеттуулукту даярдоо мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга мамлекттик компаниялардын толук кандуу мониторингин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу