БАЭ менен инвестициялык макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

Новости
06-Октябрь 2023-ж.
1210

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов Абу-Даби өнүктүрүү фондунун директору Хамад АЛ-ЗАХИРИ баштаган Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эмираттык делегациянын курамына БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Эмираттын “Terminals Holdings” Абу-Даби жана “AD-Ports” Абу-Даби мамлекеттик компанияларынын жетекчилери кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелери талкууланды. Атап айтканда, уставдык капиталы 100,0 млн АКШ доллары болгон биргелешкен холдингдик компанияны ишке киргизүү, Халифа эркин экономикалык аймагында (AD-Ports) соода-логистикалык долбоорду ишке ашыруу, бажы жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана автоматташтыруу, анын ичинде санариптик чечимдерди колдонуу маселелери каралды.

Тараптар башталган демилгелерди ишке ашыруу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого, жаңы ишкер байланыштарды түзүүгө жана өлкөлөр ортосундагы экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн жаңы соода коридорлорун түзүүгө негиз болоорун макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча мындан аркы чараларды биргелешип иштеп чыгууга макулдашышты.

Маалымат иретинде:

Биргелешкен холдингдик компанияны түзүүнүн негизги максаттары жана милдеттери артыкчылыктуу инвестициялык бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргыз Республикасынын экономикасына тике инвестицияларды тартуу болуп саналат. Компания экспортту өнүктүрүү, жаңы технологияларды колдонуу, өнөр жайды модернизациялоо, кошумча нарк чынжырын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду каржылайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу