Министр Данияр Амангелдиев ПРООНдун жаңы туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолугушту

Новости
05-Октябрь 2023-ж.
1257

2023-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Д.Амангелдиев А.Соловьеваны жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы мындан аркы ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүгүн каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, административдик-аймактык реформага көмөктөшүү жана аймактардын экономикалык потенциалын өнүктүрүү, “жашыл экономиканы” илгерилетүү жаатында кызматташуунун, чакан жана орто бизнести, өзгөчө “аялдардын ишкердигин” колдоо маселелери жана өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты. 

Өз кезегинде ПРООНдун Туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен ПРООНдун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого карата оң маанайды белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы багыттарын белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу