Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты түзүүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө

Новости
04-Октябрь 2023-ж.
1088

2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Назарбек Малаев менен Түрк-Араб соода уюмунун өкүлдөрү Бассам Фахад Тунаян Аль-Ганим, Хайиф Аль-Хувайла жана Валид Аль-Ахмад мырзалар менен . жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков жана борбордун директорунун орун басары Усонгул уулу Алмаз катышты. 

Сүйлөшүүнүн негизги темасы 2024-жылдын 14-18-майында Бишкекте өтө турган Ислам экономикасынын Борбордук Азия көргөзмөсүн жана конференциясын өткөрүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо болду.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты түзүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу