Ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо максатында Түрк инвестициялык фондун түзүү аяктоодо

Новости
03-Октябрь 2023-ж.
969

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусунун алкагында 2023-жылдын 16-мартында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга корутунду бекитилди. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими менен Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Экономика жана коммерция министрлиги аныкталды.

Макулдашуу Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (мындан ары - ТМУ) өлкөлөрү тарабынан уставдык капиталы 500 миллион АКШ доллары болгон Түрк инвестициялык фондун (мындан ары - Фонд) түзүүнү карайт.

“Узак мөөнөттүү” финансылык ресурстарга суроо-талаптын жогорулашынын шарттарында Фонд ТМУ өлкөлөрүндөгү артыкчылыктуу бизнес долбоорлорду жеңилдетилген шарттарда каржылоо үчүн жакшы ресурстук базаны түзөт. ТМУ алкагында долбоорлорду ишке ашыруу соода-экономикалык мамилелерди чыңдайт жана ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт. Фонддун иштеши Кыргыз Республикасына TМУ өлкөлөрүнөн да жеке инвестициялардын агымын стимулдаштыруу үчүн мультипликативдик эффект берет.

Маалымат иретинде:

Түрк мамлекеттеринин уюму - бул Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан (мүчөлөр), ошондой эле Венгрия жана Түркмөнстанды (байкоочу мамлекеттер) бириктирип турган түрк мамлекеттеринин эл аралык кызматташуу уюму.

ТМУнун негизги максаты - аймактык сооданы кеңейтүү жана экономикалык активдүүлүктү колдоо аркылуу ТМУга мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Учурда ТМУ өлкөлөрү биргелешкен каржы институтун түзүү боюнча ички процедураларды бүтүрүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу