MBANK тиркемесинде транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүн акысыз текшерүү кызматын ишке киргизүү жөнүндө

Новости
03-Октябрь 2023-ж.
944

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы маалымдайт: «автотранспорт каражаттарын техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын» жаңырган кызматы http://to.trade.kg эми MBANK тиркемесинде жеткиликтүү.    

Эми сиз MBANK тиркемесинде унааңыздын техникалык кароодон өткөндүгүн жана анын жарактуу мөөнөтүн АКЫСЫЗ текшере аласыз. 

Ал кандай иштейт?

MBANK'ты ачып, «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;

Андан соң «Мамлекеттик кызматтар» баскычын басыңыз;

«Менин унаам» кызматына өтүңүз – бул жерден сиз унааңыздын техникалык кароодон өткөндүгүн текшере аласыз. 

*Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн чарбалык ишмердүүлүктө пайдаланылган транспорт каражаттары жана атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары техникалык кароодон өткөрүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу