Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Тбилисиде өтүп жаткан АӨБнын коммуникация адистеринин форумуна катышууда

Новости
03-Октябрь 2023-ж.
966

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү 2023-жылдын 2-4-октябрында Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан АӨБ-Өкмөт коммуникация адистеринин форумуна (Чыгыш, Борбордук жана Батыш Азия) катышууда.

Программа атайын Чыгыш, Борбордук жана Батыш Азия үчүн натыйжалуу коммуникацияларды пландаштыруу жана ишке ашыруу боюнча көндүмдөрдү жана потенциалды жогорулатуу үчүн иштелип чыккан.

Катышуучуларга аймактагы өкмөттүк кесиптештери менен өз ара аракеттенүү жана билим алмашуу, региондогу реалдуу турмуштук тажрыйбанын негизинде АӨБ тарабынан даярдалган кейс изилдөөлөрдү талкуулоо жана мүмкүн болгон тармактык механизмдерди изилдөө мүмкүнчүлүгү берилди.

Бул форум Эделман глобалдык байланыш компаниясы тарабынан уюштурулуп, баяндамачылардын пленардык чыгып сүйлөгөндөрүн жана жеңилдетилген талкуу форматында секциялык сессияларды бириктирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу