Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик жеке өнөктөштөрдүн маселелери менен таанышып чыгышты

Новости
19-Октябрь 2015-ж.
1923

2015-жылдын 19-октябрында Экономика министрлигинде муниципалдык менчик башкармалыгынын, Бишкек ш. Саламаттык сактоо департаментинин кызматкерлери жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү маселелери боюнча семинар болуп өттү.

Семинардын максаты МЖӨ өнүктүрүү маселелери боюнча маалымдулукту жогорулатуу болду. Атап айтканда, киришүү маселелери, укуктук жана институционалдык негиздер, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ийгиликтүү МЖӨ долбоорлору менен таанышышты.

Жигердүү дистуссиялардын жана консультациялардын алкагында катышуучулар МЖӨ долбооорлорун ишке ашыруу процессинде биргелешип аракеттенүү жөнүндө келишишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу