Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы дүйнөлүк рынокто өз ордун табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ

Новости
22-Сентябрь 2023-ж.
1575

Бишкек, 22.09.23. Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукциясы боюнча дүйнөлүк рынокто өз ордун табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Айнура Үсөнбекова ата мекендик жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган пландар жана иш-чараларга токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын 90% тигүү өндүрүшүнөн турат. Жергиликтүү тигүүчүлөр дүйнөлүк моданын тез өзгөрүп жаткан тенденцияларына кылдаттык менен байкоо салып, чет өлкөлөрдө чоң суроо-талапка ээ болгон аялдардын жана балдардын сапаттуу кийимдерин чыгарууну үйрөнүштү.

Ошол эле учурда дүйнөлүк трансформациядан улам кыргыз кийим-кечелерине суроо-талаптын жогорулашы кадрлар менен көйгөйлөрдү жаратты – тармакта кенже жана орто звенодогу жумушчулар жетишсиз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өндүрүүчүлөрдүн өтүнүчү боюнча КР Социалдык өнүктүрүү министрлиги Өзбекстандан, Пакистандан жана Бангладештен чет элдик жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотаны көбөйтүү боюнча документ даярдап жатат.

Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө, экономика акырындык менен электрондук коммерция режимине өтүүдө, Wildberries жана OZON интернет аянтчалары үчүн соода аянтчалары түзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, жеңил өнөр жай үчүн сырьенун 90% жакыны Кытайдан ташылып, бул жаатта бул коңшу өлкө менен тыгыз кызматташтык түзүлүп жатканын белгилей кетүү керек. Сырьену ташып келүү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда, мисалы, Кыргызстандын аймагында чийки зат базаларын түзүү же чек арадагы “жашыл коридор” аркылуу чийки зат менен камсыз кылуу сунушталууда, камсыздоо варианттары бар. Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеткирүүчүлөргө жеңилдиктер, ишкерлерге кызматтык паспортторду берүү аркылуу виза маселесин чечүүгө болот.

А.Үсөнбекова кошумчалагандай, тери өндүрүшүнүн потенциалы чоң.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Монголиянын технологиясы боюнча кесек жүндү кайра иштетип, минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу ишкананы ишке киргизүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Өндүрүш үчүн каражаттар Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу бөлүнгөн.

Министрдин орун басары экономиканын пайдубалы жана өндүрүштүн бир катар тармактарынын, анын ичинде жеңил өнөр жайынын кыймылдаткычы болгон машина куруу тармагын өнүктүрүүгө министрлик өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Мисалы, жеңил өнөр жай кластерлеринин бири авто отургучтар үчүн булгаары өндүрүшү болушу мүмкүн жана бул багытта бир катар иштер жүргүзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу