Министрдин орун басары А.Үсөнбекова ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
20-Сентябрь 2023-ж.
1068

«Урматтуу ишкерлер, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү!

Урматтуу коноктор жана кесиптештер!

Экономика жана коммерция министрлигинин, министр Данияр Амангельдиевдин жана жеке өзүмдүн атыман кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер!

Салттуу түрдө жыл сайын 20-сентябрда сиздер менен биргеликте майрамды жогорку деңгээлде белгилеп, өзгөчөлөнгөн ишкерлерибизди сыйлап, жылуу сөздөрдү, куттуктоолорду айтып келебиз.

Ишкерлердин эмгегин таануу практикасы коомдун бакубаттуулугун арттыруу жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымыңыздарды илгерлетүүгө түрткү берет деп ойлойбуз.

Мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүү багытында Экономика жана коммерция Министрлиги сиздерди толук кандуу өнөктөш деп эсептейт жана ар дайым сиздер менен тыгыз байланышта болуп, ишкердик ишке тиешелүү болгон жагымдуу чечимдерди иштеп чыгуудабыз.

Мындан ары да биз ишкерлерибиз менен тыгыз иштешип, мыйзам чыгаруу демилгелерин, мамлекеттик өнүктүрүү программаларын даярдоого, ошондой эле аларды талкуулоого Сиздерди Активдүү тартабыз деп ишенебиз. Ошол эле учурда бизнестин ар бир демилгеси жана пикири биз үчүн өтө маанилүү деп белгилеп кетем.

Өлкөбүздүн экономикасы бүгүнкү шарттарда чоң чакырыктарга учураганы менен, анын ачык жана эркин экономика болгону – биз айрым артыкчылыктарга ээбиз. 

Бул артыкчылыгыбызды толук кандуу пайдалануу - бүгүнкү күндүн талабы. 

Кандай гана глобалдуу кризис же жергиликтүү экономикалык депрессия болбосун – андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат. Бул дүйнөлүк тажрыйба.

Ошол себептен биз бардык күчүбүздү ишкерлерге жагымдуу чөйрө түзүүгө жумшап келебиз. 

Сиздерге белгилүү болгондой, экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кризиске каршы планы иштелип чыккан жана тийиштүү финансалык каражаттар менен камтылган, бул экономиканын 6,3% өсүшүн камсыз кылган.

Азыр өсүш экономиканын бардык секторлорунда байкалууда.  

Дүйнөнүн азыркы татаал геосаясий мезгилине карабастан, өлкөнүн экономикасы өсүү темпинде.

Ушул татаал мезгилде биз дагы көп маселелерди чогуу чечип, өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн амбициялуу максаттарды коюшубуз керек.

Урматтуу биздин ишкерлер!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 

Ишиңиздерге ийгилик, ден соолук жана бакубатчылык гана каалайм! 

Асманыбыз ачык болсун жана өлкөбүз өнүгө берсин!”

Министрдин орун басары                                                     А.Д. Усөнбекова

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу