Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташуусунун алкагында Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы ишке киргизилет

Новости
13-Октябрь 2015-ж.
1986

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Кылычбек Джакыповдун Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы Приянка Сууд менен болгон жолугушуусунда Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын кызматташуусунун алкагында Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын учурдагы абалын талкуулашты.

Бул программа бизнестин ачылышына жана жабылышына байланышкан административдик тоскоолдуктарды жана чыгымдарды кыскартуу жолу менен Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын жакшыртууга, финансылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу инфратүзүмдү өнүктүрүүдө жеке сектордун катышуусун, ошондой эле ишке ашырылуучу Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” жана Чек ара кызматтарын регионалдык жакшыртуу” долбоорлорун көбөйтүүгө багытталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө К.Джакыпов бул программанын ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн жана андан-аркы ишке ашырылышынын актуалдуулугун белгилей кетти жана Экономика министрлиги Программаны аткаруучу жана ишке ашыруучу агенттик катары зарыл көмөк көрсөтөт жана аны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда катышат.

Өз кезегинде П.Сууд айым Экономика министрлиги экономикалык реформаларды жүргүзүү жана бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо жаатында АӨБдүн негизги өнөктөшү экендигин белгилей кетти. Ошондой эле ал АӨБ жогоруда айтылып өткөн багыттарда тыгыз кызматташууну алып барарын белгилеп өттү.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын алкагында алардын ишке ашырылышына жараша 20,0 млн. АКШ долларынан кайтарымсыз негиздеги бюджеттик колдоо көрсөтүп турат. 2008-жылдан бери ушул программанын алкагында бюджеттик колдоонун жалпы суммасы АКШнын 77,4 млн. долларын түздү. Азыркы учурда кийинки Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экинчи программаны ишке киргизүү пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу