Кытайдын Сиань шаарында соода үйүнүн ачылышы тууралуу

Новости
18-Сентябрь 2023-ж.
1421

2023-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчилиги – Ху Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда соода өкүлү Кыргызстандын экспорттук потенциалына токтолуп, Кыргызстан экологиялык жактан таза продукциялары менен сыймыктана тургандыгын белгиледи. Ал Сиань шаарындагы Соода үйүнүн ачылышы кыргыз продукциясын Кытайда онлайн жана оффлайн режиминде сатуунун биринчи кадамы болот деген оюн билдирди. Бул Соода үйү кытайлык керектөөчүлөр үчүн кыргыз өндүрүүчүлөрү менен түз байланыш түзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы электрондук сооданын өнүгүшүнө түрткү болот.

Өз кезегинде Сиань шаарынын Цин Нианлу кварталынын жетекчилиги бул квартал Сиань шаарынын так ортосунда жайгашканын жана Кытайдын накта борбору экенин белгиледи. Ал ошондой эле акыркы 3 айдын ичинде Сианга 400 миллиондон ашык ички турист келгенин маалымдады.

Мындан тышкары, Кытай тарап Кыргызстандын соода үйү ачыла турган жайды көрсөттү. Жалпы аянты 200 кв.м. болуп саналат. Бардык керектүү инфраструктурасы жакын жерде жайгашкан. Ал ошондой эле бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Соода өкүлчүлүгүнө керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирди. Ал эми эң кыска мөөнөттө Соода үйү ачылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу