Кыргыз Республикасынын ЭКМнин Кытайдагы соода өкүлү Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын Сиань департаментинин башчысы менен жолугушууда биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу маселесин талкуулады

Новости
15-Сентябрь 2023-ж.
1368

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлү Жусубали Төрөмаматов Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын Сиань департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, анда Соода миссиясы жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү пландары жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле Соода өкүлчүлүгүнүн кытай юаны (Юань) менен эсептешүүлөр үчүн түз финансылык механизмдерди түзүүгө кызыкдар экендигин жана бардык соода операцияларын банктык которуулар аркылуу жүргүзүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи. Тактап айтканда, бул механизм Кыргызстандын продукциясын Кытайга алып келүү процессин жеңилдете аларын айтты.

Өз кезегинде Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын жетекчилиги биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын кичи жана орто бизнеси үчүн соода операцияларын камсыз кылуу максатында кытай юаны менен ыңгайлуу төлөө механизмдерин түзүү маселеси боюнча иш алып барууда. Атап айтканда, Кыргызстанда филиал ачуу жана кыргызстандык ишкерлерге банктык эсептерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо ылайыктуу.

Маалымат иретинде:

Shanghai Pudong Development Bank Co. Ltd. (SPDB) Шанхайда жайгашкан кытайлык коммерциялык банк. Активдери боюнча дүйнөдөгү эң чоң отуз банктын катарына кирет жана Кытайда 11-орунда турат. Forbes Global 2000 рейтингинде 2019-жылы дүйнөдөгү эки миң ири коомдук компаниялардын арасында 65-орунду ээлеген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу