“Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун ишке кириши: КР экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүнүн жаңы этабы

Новости
14-Сентябрь 2023-ж.
656

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жаңы негизги долбоор – “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору ишке киргенин жарыялайт. Бул борборду түзүү чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын
 13-сентябрында кабыл алынды. Борборду түзүү экспорттук потенциалды стимулдаштырууда жана Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат.


«Кыргыз Экспорт» борборунун максаты - экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу менен төмөндөгүлөр менен камсыз кылууга умтулат:

-экспорттук потенциалдын өсүшү: Борбор Ата мекендик компаниялардын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана аларга жаңы рынокторду табууга жана Ата мекендик продукцияны дүйнөлүк аренада илгерилетүү боюнча жигердүү иш алып барат;

- атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу: Борбор жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн дүйнөлүк рыноктордо ийгиликтүү атаандашуу үчүн заманбап инструменттерге жана ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу аркылуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга басым жасайт;

- мамлекеттик механизмдерди чыңдоо: Борбор экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча мамлекеттик механизмдерди бекемдөөгө жардам берет;

- акселерация программалары: Борбор эл аралык финансы институттары менен биргеликте жергиликтүү компаниялардын өсүшүнө жана өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн акселерация программаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат.


Министрлик бардык кызыкдар тараптарды «Кыргыз Экспорт» Борборунун аракеттерине кошулууга жана кыргыз товарларынын дүйнөлүк рыноктордогу позициясын бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу