2024-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкты

Новости
14-Сентябрь 2023-ж.
1040

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин жетекчилиги алдында 2024-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкты.

Бул долбоор өлчөө натыйжаларын эл аралык таанууга жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарында ченөөлөрдү метрологиялык камсыздоого болгон керектөөлөрдү эң толук канааттандырууга жетишүү максатында, КР 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, КР 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 175-пунктуна, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына ылайык иштелип чыкты. 

Бул долбоордун милдеттери Кыргызстандарттын маалымдама базасын жаңылоо жана кеңейтүү, масса, температура, басым, аз көлөмдөр жана башка чөйрөлөр боюнча эталондук лабораторияларды аккредитациялоо статусун колдоо, ошондой эле  эталондорду эл аралык талаптарга шайкеш келген абалда сактоону жана кармап турууну камсыз кылуу.  

Программанын долбоорунда 2024-жылдан 2026-жылга чейин этап-этабы менен негизги багыттарда: температура, электр энергиясы, узундук, басым, нымдуулук, кичине көлөмдөр боюнча эталондук жабдууларды алуу каралган. Бул эл чарбасынын ар кандай тармактарында мамлекетте ишенимдүү өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн кеңири таралган жана зарыл болгон өлчөөлөрдүн негизги түрлөрү. Ар бир эталондук жабдуулар негизги жана көмөкчү жабдууларды камтыйт. 

2024-2026-жылдарга Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты. 

2024-жылы 65 350 000 сомго, 2025-жылы 29 650 000 сомго, 2026-жылы 17 000 000 сомго эталондук жабдуулардын комплексин сатып алуу пландаштырылууда. Жалпысынан эталондук жабдууларды сатып алууга 112 000 000 сом керектелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу