Керектөөчү товарларды чекене сатуу жана дистрибуциялоо бизнес-саммити Астана шаарында болот

Новости
01-Октябрь 2015-ж.
2022

2015-жылдын 29-30-октябрында Казахстандын Астана шаарында керектөөчү товарларды чекене сатуу жана дистрибуциялоо бизнес-саммити болуп өтөт.

Казахстан Республикасынын ишкерлеринин Атамекен” Улуттук палатасынын маалыматтары боюнча, бул иш-чара эсеп боюнча экинчиси болуп саналат. Биринчи жолугушууда компаниялардын – өндүрүүчүлөрүнүн, импортерлордун жана Бажы союзунун, Кытайдын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн чекене бизнесинин башчылары катышышкан.

Бизнес-саммиттин максаты – тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу, трансчек аралык соода жана чекене кызмат көрсөтүү маселелерин талкуулоо жолу менен өлкөлөр ортосундагы соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле мүмкүн болгон коммерциялык бүтүмдөрдү жыйынтыктоо болуп саналат.

Бизнес-саммитке катышуу акылуу экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Кошумча маалыматтар бизнес-саммиттин сайтында (www/b2bcg.ru) жайгаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу