Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы

Новости
30-Август 2023-ж.
1675

2023-жылдын 29-августунда Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын кеңешинин отурумунун күн тартибинде 43 маселе каралды, анын ичинен 25и тар курамда жана 18и кеңейтилген курамда.

Кеңештин жүрүшүндө мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашырууда банктык кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана багыттары жөнүндө Декларациянын долбоору каралды, ал тараптардын сунуштарын жана эскертүүлөрүн эске алуу менен жыйынтыкталат.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобонун долбоору боюнча пикир келишпестиктерди талкуулашты, алар талкуунун жүрүшүндө алынып салынды.

Ошондой эле өз ара соодада товарлардын эркин жүрүүсүн камсыздоого багытталган Кыргыз Республикасынын демилгелүү сунушу каралды, ал боюнча мындан аркы иштер улантылат.

Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын курамында кант бар сууну маркалоо демилгесин колдошту.

Отурумдун жыйынтыгында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү төмөнкү документтерге кол коюшту:

Отурумдун жыйынтыгында ЕЭК Кеңешинин төмөнкү чечимдери кабыл алынды:

- 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин XX бөлүмүндө каралган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан 2022-жылы энергетика тармагындагы милдеттенмелердин аткарылышынын мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө Комиссиянын Кеңешинин тапшырмасы”;

- Комиссиянын Кеңешинин “Конкреттүү ташууларды көзөмөлдөө мезгилинде навигациялык пломба камтууга тийиш болгон электрондук документтердеги маалыматтардын жана (же) документтердеги маалыматтардын курамы жөнүндө” чечими;

- "Навигациялык пломбада камтылган маалыматтарды коргоо боюнча бирдиктүү чаралар жөнүндө" Комиссиянын кеңешинин чечими;

- Комиссиянын Кеңешинин "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин сырттан добуш берүүсү үчүн маселелердин тизмесин бекитүү жөнүндө" тескемеси;

- «Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүүнүн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Комиссиянын кеңешинин чечими;

- Комиссиянын кеңешинин «2012-жылдын 20-июлундагы № 58 Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими;

- Комиссиянын Кеңешинин «Трансчекаралык ишеним мейкиндигин түзүүгө, өнүктүрүүгө жана иштетүүгө карата талаптарга электрондук түрдө маалыматты документтештирүүнүн жалпы инфраструктурасынын компоненттерин шайкештигин текшерүү боюнча комиссия жөнүндө" тескемеси;

- «Евразия экономикалык бирлигинин 2017 - 2025-жылдарга криптографиялык маалыматты коргоонун адистештирилген каражаттарын биргелешип өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» Комиссиянын Кеңешинин тескемеси;

- "Полиэтиленден же полипропиленден жалпак же окшош жиптерден жасалган кездемелердин айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" Комиссиянын Кеңешинин чечими;

- мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашырууда банктык кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу кабыл алынды; 

- Комиссиянын Кеңешинин «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашырууда банктык кепилдиктерди өз ара таануунун айрым маселелери жөнүндө» чечими; 

- «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Комиссиянын кеңешинин чечими;

- Комиссиянын кеңешинин «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн колдонуудагы жана жаңыдан түзүлгөн бренддерин (анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин кол чатыр зергердик брендин) илгерилетүүнү стимулдаштыруунун кошумча механизмдерин түзүү жөнүндө» сунушу;

- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 89 “Евразиялык экономикалык кеңештин “Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенти» жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими;

- Комиссиянын кеңешинин «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 21-апрелиндеги № 34 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими;

- «Тоңдурулган балыктын айрым түрлөрүнө, моллюскалардын айрым түрлөрүнө карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Комиссиянын Кеңешинин чечими;

- Комиссиянын Кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин африкалык багытта эл аралык кызматташтыгын активдештирүү жөнүндө» нускамасы;

- Комиссиянын Кеңешинин "ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өнөр жай ишканаларынын кооперациясын өнүктүрүүгө багытталган импортту алмаштыруу чөйрөсүндө улуттуктан жогорку санариптик платформалык чечимди ишке киргизүү жөнүндө" тапшырмасы;

- Комиссиянын кеңешинин «Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы № 60 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими;

- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 “Жеке колдонуу үчүн товарларга тиешелүү айрым маселелер жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Комиссиянын кеңешинин чечими.


ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 2023-жылдын сентябрында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу