Казакстан Республикасы ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсүн чектөөдө

Новости
24-Август 2023-ж.
2042

2023-жылдын 24-августундагы ыкчам көчмө кеңешменин жүрүшүндө «Ак-Тилек автодорожный» өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы абал менен таанышышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин демилгеси менен болуп өттү. 

Кырдаал менен таанышуу жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өтүнүчү боюнча Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында ЕЭКтин ар кандай департаменттеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Кыргыз Республикасы тарабынан аталган кеңешмеге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

КР экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, 20-августтан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына бара жаткан жүк ташуучу автотранспорт каражаттардын «Кең-Булуң – автодорожный», «Ак-Тилек – автодорожный» жана «Чалдовар - автодорожный» өткөрмө пункттарында  топтолуп тургандыгынан  улам  кырдаал чыңалууда. 

Бул жагдай аталган пункттарда Казакстан тараптан контролдук-текшерүү иш-чараларынын катаалдашы менен шартталган, бул Казакстан Республикасы тарапка жүк ташуучу автомобилдерди өткөрүүнү кыйла кечеңдеткен.

Ошону менен бирге, Казакстан тарап ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштешинин негиз салуучу принциптеринин бири – товарлардын эркин жүрүү прицибин бузууда.    Мындай кырдаал системалуу мүнөзгө ээ, мында казак тарап Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынан келе жаткан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн ар кандай себептерди табат.

Чек арада түзүлгөн кырдаал, албетте, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу продуктулар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет.

Белгилүү болгондой, 20-августтан тартып Казакстан Республикасы расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу автотранспортторун өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген. Мындай чаралардын натыйжасында Кыргыз тарапта 500гө чейин жүк ташуучу транспорт каражаты кезекте турат. 

Биргелешкен текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагына кирүүгө кезекте турган 400гө жакын жүк ташуучу автоунаа саналды. Күндүн ысыгында тез бузулуучу жүктөрдүн кезекте тургандыгы кырдаалды курчутту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу