Креативдүү индустриялар паркынын режими үчүн салык мыйзамдарынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алкагында преференциялар каралгандыгы боюнча

Новости
24-Август 2023-ж.
1031

Бул тууралуу 2023-жылдын 24-августунда креативдүү тармакты өнүктүрүү боюнча Бишкекте өткөн маалымат жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын начальниги Муса Катаганов билдирди.


Ал белгилеп кеткендей, 2022-жылдын 21-апрелиндеги “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Министрлер Кабинетине креативдүү индустрияны өнүктүрүү, анын ичинде тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.


Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Президенттин Жарлыгынын алкагында бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан, анын ичинде “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.


Ошондой эле 2023-жылдын 23-июнундагы Министрлер Кабинетинин №327 токтому менен Креативдүү индустриялар паркы уюштурулган, анын дирекциясы “Креативдүү индустриялар ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин базасына негизделген, ошондой эле Парктын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо жана Парктын резиденттерин каттоо тартиби бекитилген.


Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар парктын иштешин регламенттейт, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт жана парктын зарыл болгон укуктук базасын түзөт.


Аталган ченемдик укуктук актылар министрлик тарабынан креативдүү индустриялар Ассоциациясынын жана башка жеке тараптардын өкүлдөрү менен өз ара тыгыз аракетте иштелип чыккан.


Креативдүү индустриялар паркынын режими үчүн салык мыйзамдарынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алкагында преференциялар каралгандыгын белгилей кетүү керек. Атап айтканда, киреше салыгы, КНС жана Сатуу салгынын ордуна парктын резиденттери киреше салыгын төлөйт алар (0,5% 2023 – 2024 жылы, 1% 2025 жана 2026 -жылы, 2% - 2027-жылдан ары).


Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча, иш берүүчү – камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат (иш берүүчүнүн учурдагы ставкасы – эмгек акынын 17,25%).


Парктын резиденттери, анын ичинде резиденттердин жумушчулары орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.


Ошону менен иш жүзүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети анын резиденттери үчүн өзгөчө жеңилдетилген жана преференциялык режимдеги креативдүү индустриялар паркын уюштуруу жолу менен креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү.


Азыркы учурда салык жана камсыздандыруу жеңилдиктерин натыйжалуу колдонуу максатында Министрлик тарабынан парктын Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү бул органга паркта резиденттик статусун алуу үчүн арыз берген ар бир талапкердин ишинин түрүнүн креативдүүлүгүн жекече аныктоо укугу аркылуу кароо мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Муну менен парктын Байкоочу кеңеши парктын резидентине арыз берген ар бир талапкердин арызын кылдаттык менен карап чыгат жана ага парктын резиденти статусун берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.


Көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларга сунушталган түзөтүүлөр паркка өз алдынча, объективдүү, калыс чечим кабыл алууга, анын ичинде парктын резидентине талапкердин салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн четтөөсүнө жол бербөө максатында анын ишмердүүлүгүнө деталдуу талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.


Эскерте кетсек, Мыйзамга ылайык парктын Байкоочу кеңешине Министрлер Кабинетинен эки өкүл жана жеке сектордон беш мүчө (ишкердик ишмердүүлүктүн креативдүү чөйрөлөрүнүн коомдук бирикмелери) кирерин эскертебиз, бул креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алуу жаатында Министрлер Кабинетинин жеке секторго толук ишеним артаарын күбөлөндүрөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу