Мамлекеттик тилде керектөөчүлөргө маалымат берүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар аныкталды.

Новости
30-Сентябрь 2015-ж.
1916

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жыл 16-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынды.

Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын 29-беренесин аткарууну контролдоо милдети КРӨ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу медициналык техника жана дары менен камсыздоо департаментине жүктөлдү.

Көрсөтүлгөн беренеге ылайык, товарлар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө маалыматтар (этикетканын тексттери, маркалоо, товарлардын номенклатуралык тизмеси, аларды пайдалануу боюнча нускама, техникалык паспорт) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилде зарыл учурда чет тилде берилет.

Товарлар жөнүндөгү чет тилдеги атайын маалымат (товарлардын этикеткасынын тексти, товарлардын номенклатуралык тизмеси, аларды пайдалануу боюнча нускама, техникалык паспорт) импорттоочу фирманын эсебинен мамлекеттик жана расмий тилдерге которулат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу