“ЭКСПО Кытай – Евразия продуктылары жана соода-2023” көргөзмөсүнө катышуунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын делегациясы татыктуу “Мыкты делегация” сыйлыгынын ээси болду

Новости
22-Август 2023-ж.
1531

2023-жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы ЭКСПО Кытай – Евразия продуктылары жана соода-2023 көргөзмөсүнө активдүү катышып, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук көргөзмө павильонун тартуулады.

Катышуунун негизги максаты ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна жылдыруу болду.

Бул көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишканалары эл аралык соода тармагында маанилүү натыйжаларга жетишти. Ар турдуу товарларды, анын ичинде эт жана эт продуктыларын, балык жана балык продуктыларын, ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү түзүлдү.

Эң маанилүү жетишкендиктери болуп төмөнкүлөр саналат:

- кыргыз балынын жогорку сапатын жана дүйнөлүк рынокто анын жагымдуулугун тастыктаган жалпы суммасы 500 миллион сомдон ашык табигый балды экспорттоо боюнча түзүлгөн келишимдер;

- 20 000 тонна көлөмүндө балык жана балык продуктуларын экспорттоо ийгиликтүү иштетилди, бул өлкөдөгү балык чарбасын жана анын экспорттук потенциалын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат;

- экспортко 100 000 тонна эт жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул Кыргызстандын эт азыктарынын сапатына болгон ишенимден кабар берип, өлкөнүн эт тармагын өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул олуттуу макулдашуулар жана келишимдер Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана дүйнөлүк рынокто өзүнүн позициясын бекемдөөгө умтулуусун тастыктайт. EXPO China – Eurasia Products and Trade 2023 көргөзмөсүнө катышуу жаңы бизнес байланыштарды түзүүгө жана соода өнөктөштүгү географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Ошондой эле татыктуу болгон «Мыкты делегация» сыйлыгынын ээси болгон Кыргыз Республикасынын делегациясынын мыкты аракетин жана жигердүү катышуусун белгилей кетүү керек. Бул таануу өлкөнүн дүйнөлүк аренада мыкты өкүлчүлүгүнүн чагылдырылышы жана Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык соода байланыштарын кеңейтүү боюнча жигердүү жана натыйжалуу иш жүргүзүп жаткандыгынын далили.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу