КР Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык компаниянын ортосунда жаңы энергия булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу завод куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

Новости
20-Август 2023-ж.
785

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча иштиктүү жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Gree Altairnano New Energy Co. Ltd." энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча Кытайлык компания менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Кыргыз тараптан өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кол койду.


Бул меморандум электроавтобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча стратегиялык кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого эки тараптын кызыкдарлыгын ырастайт.


Жетишилген макулдашуулардын алкагында «Gree Altairnano New Energy Co., Ltd» Кыргыз Республикасында электроавтобустарды тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана электроавтобустарга аккумуляторлорду алмаштыруу станциялары жана электроавтобустарды жыйноочу заводду курууга инвестиция тартуу, анын ичинде электр автобустарын тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгат. 


Маалымат иретинде:

Gree Altairnano New Energy Inc. дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын бири жана электр унааларын жана заряддоо системаларын өндүрүүдө лидерлердин бири болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу