Минскиде “КООМЕТ” мыйзамдык метологиясын талкуулоо жүрдү.

Новости
29-Сентябрь 2015-ж.
1937

2015-жылдын 22-сентябрынан 24-сентябрына чейин Беларус республикасынын Минск шаарында КООМЕТ” аймактык метрологиялык уюмунун жыйыны болуп өттү. Техникалык комитеттин мүчөлөрүн Белорус мамлекеттик метрология институтунун конференц-залында кабыл алышты.

Мүчө-мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин өкүлдөрү Өлчөө бирдигин программалык камсыздоону сыноо” темасында семинарды угушту. Күн тартибине ылайык, төмөнкүдөй маселелер талкууланды:

- программалык камсыздоо (ПК) менен өлчөө бирдигин сыноодогу Европа биримдигинин тажрыйбасы;

- Программалык камсыздоону сыноо тармагындагы иштерди уюштуруу;

- Өлчөө бирдиги үчүн программалык камсыздоону сыноо боюнча Пенза метрология жана стандартташтыруу борборунун, ВНИИМСтин тажрыйбасы;

- Программалык камсыздоону сыноого даярдоо боюнча БГИМ жүргүзүп жаткан иштер.

Мыйзамдык метрологиянын абалын Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн мамлекеттик метрологиялык мекемелеринин кызматташуу уюму Техникалык комитеттин 16-кеңешинде, КООМЕТ ТК 2 нин төрагасы, Германия Улуттук метрология институтунун бөлүм башчысы, Петер Ульбиганын жетекчилиги алдында талкуулады.

Отурумдун жыйынтыгында мыйзамдык метрология тармагына колдонулуучу ченөө каражаттарынын катарына киргизүү боюнча Методикалык сунуштар КООМЕТ менен кызматташуучу улуттук метрология институттарынын адистери тарабынан колдонулуусу , ошондой эле КООМЕТтин чарбакер субъекттери продукция өндүрүүдө колдонуучу ченөө каражаттарын тейлөөдө жана ишинде пайдалануусу чечилди.

КООМЕТ” 1991-жылдын июнунда метрология жаатындагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында мурда экономикалык өз ара жардамдашуу кеңешине кирүүчү улуттук уюмдун улуттук метрология кызматынын деңгээлинде түзүлгөн.

Кызматташуунун максаты - товар алмашууну жөнөкөйлөтүү жана тездетүүгө көмөктөшүү; европа өлкөлөрүнүн метрологиялык кызматынын ишин координациялоо жана жакындатуу; ченөө бирдигинин маселелерин натыйжалуу чечүү, тактыкты талап кылган ченөө бирдиги. КООМЕТ тин ченөө бирдиги сунуш кылуу мүнөзүнө ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу