Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылат

Новости
17-Август 2023-ж.
1824

2023-жылдын 17-августунда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (СУАР) Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия товарлары жана соодасы 2023» көргөзмө-жарманкеси ачылып, ушул жылдын 21-августуна чейин уланат.

Кытай эл аралык жарманкеси үч жолу ийгиликтүү өтүп, жемиштүү жыйынтыктарга жетишти. Көргөзмөгө дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймагынан жана 31 провинциядан, автономиялуу облустардан жана муниципалитеттерден 3700дөн ашык компания катышып, сатып алуучулардын саны 32 миңден ашты. Экономика, соода, энергетика, илим жана техника жана гуманитардык илимдер, тармактарында 50дөн ашык форум жана атайын иш-чаралар өткөрүлүп, келишимдин жалпы суммасы 487,332 миллиард юань түзгөн.

Кытай-Евразия ЭКСПОсу Кытай менен коңшу мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын маанилүү каналы жана Жибек жолунун экономикалык алкагынын маанилүү транспорттук түйүнү болуп калды.

“Кытай-Евразия ЭКСПО - 2023” көргөзмөсү 6 тематиканы камтыйт:

энергетика өнөр жайынын көргөзмө аянты;

smart Life көргөзмө аянты;

маданий өнүктүрүү тармагынын көргөзмө аянты;

санариптик жана жогорку технологиялардын көргөзмө зонасы;

айыл чарба продукциясынын жана тамак-аш азыктарынын көргөзмө аянты;

текстиль жана кийимдердин көргөзмө аянты.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргызстандын көргөзмө Павильонун уюштуруу боюнча иштери жүргүзүлүп, Кытай рыногуна кыргыз товарларын жылдыруу максатында ата мекендик ишканалардын продукциялары коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу