ЦАРЭС Институту экономикалык кызматташуу боюнча аймактагы эң алдыңкы изилдөөчү уюм болуусу керек.

Новости
30-Сентябрь 2015-ж.
1987

Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу Институтунун(ЦАРЭС) директору Кубат Умурзаковдун КЭР Финансы министри мырза Лоу Цзивей менен жолугушуусунда 2015-жылдын 1-июлунан өз ишин баштаган институттун пайда болуусу боюнча олуттуу маселелер каралды.

К. Умурзаков ЦАРЭС Институтунун узак убакытка туруктуу жана натыйжалуу ишин камсыздоо үчүн өздүк дараметин өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн жумуштар жөнүндө токтоло кетти. Ошентип, эл аралык персоналдагы талапкерлерге тандоо процесси башталды, Азия өнүктүрүү банкынын Институту сыяктуу эл аралык институттун өз багытына жакын иш тажрыйбага ээ болгон институттун директорунун экинчи орун басарынын кызмат ордуна сынак жарыяланды, жергиликтүү персоналдарды окутуу боюнча чаралар иштелип чыкты, 2016-жылдын иш пландары, жылдын аягына чейин пландаштырылган үч семинардын деталдары иштелип жатат. Ошондой эле ЦАРЭС Институту боюнча эл аралык макулдашууну кабыл алууну тездетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Талкуу учурунда негизги көңүл, ЦАРЭС программасынын алкагында экономикалык кызматташуу маселелери аймактагы алдыңкы изилдөөчү уюмга айландыруу боюнча уюштуруучу өлкөлөр койгон маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон иш- чараларды ишке ашырууга бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу