Мал союу боюнча заманбап комбинаттын ачылышы жогорку деңгээлднги стандарттагы көптөгөн ишканаларга үлгү боло алат

Новости
28-Сентябрь 2015-ж.
2111

2015-жылдын 29-сентябрында Лебединовка айылында Премьер-министр Темир Сариев, экономика министри Олег Панкратов, Түрк элчиси Метин кылыч , тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү. Бизнес- коомчулук жана Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын Диний башкармалыгынын катышуусунда Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине шайкеш НАССР жана халал стандарттарына контролдоо тутумунун принциптерин сактоо менен курулган республикадагы биринчи мал союу боюнча адистештирилген комбинаттын ачылышы болду.

Комбинаттын негизги милдети ири эт азыктарын кайра иштетүүчүлөрдү сапаттуу жана коопсуз продукция менен камсыз кылуу. Өндүрүш ошондой эле мал союу боюнча бардык санитардык ченемдерге жана техникалык регламенттерге ылайык, жогорку сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө багытталган.

Бул цех ири мүйүздүү малдан тарта майда жандыктарга чейин союу боюнча муздаткычтар жана тоңдурууга чейин заманбап жабдуулар менен жабдылган. Мал союу боюнча өндүрүш кубаттуулугу бир сменада ири малдардан 50 баш, кичи жандыктан 150 башты түзөт.

Кыргызстандын ички рыногун камтуу менен Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө даяр продукция сатуу пландаштырылууда.

Республикада мындай мал союучу жогорку деңгээлдеги ишкананын ачылышы башка ишканаларга үлгү болот.

30.09.15

Эл керектөөчү товарлардын жана тамак-аш продуктыларынын көргөзмө жармаңкеси Башкортстандын Уфа шаарында өтөт.

2015-жылдын 17-21-ноябрында Башкортстандын борбору Уфа шаарында Кыргыз берекеси” эл керектөөчү товарлардын жана тамак-аш продуктыларынын көргөзмө жармаңкеси болуп өтөт.

Биринчи жолу көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын ишканалары катышууда, бул Уфа шаарынын жашоочуларынын жана Башкортстан республикасынын жашоочуларынын чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн кызыгуусун туудураарына шек жок. Катышуучулар республиканын сатып алуу рыногу менен таанышат, ошондой эле өз бизнестеринин чегин кеңейтүү менен жаңы келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Башкортстандын басымдуу тармактары болуп мунай өндүрүү жана мунайды кайра иштетүү, химиялык жана машина куруу комплекстери болуп саналат. Уфа шаары ири өндүрүштүк борбор болуп саналуу менен Россиянын европа бөлүгүн Урал жана Сибирь менен байланыштыруучу ири темир жол, аба жолдору, транспорттук магистралдардын кесилишинде жайгашкан. Уфанын жашоочуларынын негизги өзгөчөлүгү жогорку сатып алуу жөндөмдүүлүгү.

Бүгүнкү күндө Уфанын калкы 120000 адамдан турат!

Бардык кызыкдар ишкерлерди Кыргызстан менен Башкортстандын мындан аркы келечектеги кызматташуу максатында көргөзмө-жармаңкеге катышууга чакырабыз.

Кенен маалымат менен төмөнкү даректерден таанышса болот: ВК ”Уфимская ярмарка”, аткаруучу дирекция:450059РБ, Уфа шаары, Комсомольская 27/1 тел: 89177533359 , e-mail :ufa-yarmarka@mail.ru

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу