Түрк тилдүү мамлекеттердин Экономика министрлеринин Астанадагы кезектеги жолугушуусу

Новости
28-Сентябрь 2015-ж.
1974

2015-жылдын 29-сентябрында, Казахстан Республикасынын Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин (ТТМК) Экономика министрлеринин 5-жолугушуусу болуп өттү, ага КР Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев баштаган кыргыз делегациясы катышты.

Дүйнөлүк экономикадагы туруксуздук абал күчөгөн глобалдашуу өлкөлөргө багыттардын жана экономикалык кызматташуунун жаңы формаларынын актуалдуу муктаждыгын, ошондой эле аймактык соода-экономикалык мүнөздөгү бир кыйла актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жалпы күчтөрдү концентрациялоону туудурат.

Буга байланыштуу, министрдин орун басары Д. Иманалиев белгилеп өткөндөй, биз дүйнөлүк экономикадагы каатчылык көрүнүштөргө каршы тура алабыз, иштиктүү климатты жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, биздин өлкөлөрдүн макроэкономикалык туруктуулугун жана финансылык туруктуулугун камсыздоо чараларын көрө алабыз.

Жеке ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча күч жумшап, ТТМКнын бардык өлкөлөрүнүн ортосундагы экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо менен, биз экономикалык мүнөздөгү эң актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашуу катары Кеңештин аянтын пайдалансак болот.

Д. Иманалиев өз сөзүн улантып жатып, болуп жаткан кыйынчылыктарга жана жагымсыз конъюктуралык факторлорго карабастан бул жылды ийгиликтүү аяктап жана экономиканы натыйжалуу өнүктүрүү үчүн олуттуу платформа түзө алдык деп билдирди.

Бажы бирлигинин өнөктөш өлкөлөрү менен көп тараптуу өз ара аракеттенүү темасына кайрылуу менен аймактык кызматташуу, Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык, тышкы саясий багытындагы приоритеттүү багыттары боло тургандыгы жөнүндө маалымдады.

Дүйнөдөгү туруксуз экономикалык кырдаалдар шартында, айрыкча азыр, көп тараптуу саясий экономикалык өз ара аракеттенишүүнү бекемдөө, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, өндүрүш жана илимий- техникалык кооперацияны кеңейтүү өтө маанилүү экендиги талашсыз.

Министрдин орун басары ББӨӨ алдында түзүлгөн Жумушчу топтордун соода-экономикалык кызматташуудагы негизги багыт боюнча ишин оптималдаштырууну жана күчөтүүнү, Анын ичинде, укуктук ченемдик базаны өнүктүрүү, аймактык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу, экспорттук-импорттук операцияларды либерализациялоо менен байланышкан жана Өнөктөш өлкөлөрдүн мүчө-өлкөлөрүнүн чек аралары аркылуу өтүүчү товарларга болгон тоскоолдукту алып салуу боюнча бардык маселелерге тез аракет көрүү үчүн механизмдерди иштеп чыгууну сунуш кылды.

Өнөктөш өлкөлөрдүн алкагында деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мүчө-өлкөлөргө транзитти либерализациялоо боюнча жана түрк портторун пайдаланууну жөнөкөйлөштүрүү жана логистикалык борборлорду түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди кубаттады.

Түрк кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын ортосундагы инвестиция жаатында кызматташуу жана чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү тармагындагы өз ара түшүнүү боюнча Меморандумга кол коюлуусу да өлкөлөр ортосундагы кызматташууга оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

Ошондой эле бажы бирлигиндеги өнөктөш өлкөлөрдүн алкагында финансылык-инвестициялык тармактагы кызматташууну бекемдөө күчөгөнүн билдирди. Ушуга байланыштуу, министрдин орун басары, жакынкы аралыкта Түрк инвестициялык фондун түзүү өз ара инвестициялык кызматташууну күчөтө тургандыгына ишеним артты.

ББӨӨ алкагында ишкер кызматташууну өнүктүрүүдө товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн өзгөчө маанилүү болгон бажылык башкарууну өркүндөтүү, тиешелүү маалыматтык өз ара аракеттенишүүнү жөнгө салууга айрыкча көңүл бурулаарын белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, көп тараптуу кызматташуунун маанилүү маселеси болуп, ББӨӨ ортосунда мамлекет аралык натыйжалуу соода-экономикалык каркасын түзүүчү транспорттук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү эсептелет. Заманбап транспорттук инфраструктура гана көптөгөн ишкер долбоорлорду, алдыңкы өндүрүштү түзүү үчүн масштабдуу демилгелерди ишке ашырууда жана жаңы жумушчу орундарын түзүүдө маанилүү ролго ээ – деген өз оюн билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу