Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги борбордук аппаратынын жана Аймактар аралык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматтын кенже жана улук административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Вакансии
09-Август 2023-ж.
508

Административдик кызмат орундарынын башкы тобу боюнча:

  • маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө;
  • макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө.


Административдик кызмат орундарынын улук тобу боюнча:

  • эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүндө;
  • маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө;
  • макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө.


Административдик кызмат орундарынын кеңже тобу боюнча:

  • эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүндө;
  • маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө;
  • макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө. 


Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:


- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

- 21 жаштан кем эмес - мамлекеттик жарандык кызматка;

- мыйзамдарда жана ишке орноштурууну жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар


Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:


Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан үч жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Маалымдуулугу:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 
  2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  4.  «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»; «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

6) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

  1. милдеттүү чет тилин билүү (эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  2. маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негиздери, ЛВС, СКС, СУБД программалоо жана башкаруу тилдери (маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  3. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

- экономикалык талдоо жүргүзүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына баа берүү жана чечимдердин варианттарын даярдоо;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук (Microsoft Office: Word, Excel, Power Point, Toktom);

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б. (макроэкономика, мониторинг, пландоо, талдоо жана баалоо боюнча чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн).

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:


Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Маалымдуулугу:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3. милдеттүү чет тилин билүү (эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  4. маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негиздери, ЛВС, СКС, СУБД программалоо жана башкаруу тилдери (маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  5. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

- экономикалык талдоо жүргүзүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына баа берүү жана чечимдердин варианттарын даярдоо;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук (Microsoft Office: Word, Excel, Power Point, Toktom);

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б. (макроэкономика, мониторинг, пландоо, талдоо жана баалоо боюнча чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн).

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:


Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт.


Маалымдуулугу:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

  1. милдеттүү чет тилин билүү (эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  2. маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын негиздери, ЛВС, СКС, СУБД программалоо жана башкаруу тилдери (маалыматтык технологиялар чөйрөсүнө тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);
  3. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук (Microsoft Office: Word, Excel, Power Point, Toktom);

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б. (макроэкономика, мониторинг, пландоо, талдоо жана баалоо боюнча чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн).

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Кесиптик билим деңгээлине карата квалификациялык талаптар:


эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүндө

- эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим.

маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө: 

- маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим.

макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө:

- экономика, техникалык илимдер, социология, физика-математикалык илимдер боюнча жогорку билим.


Предметтик мыйзамдарды билүүгө квалификациялык талаптар:


эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүндө


- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын тышкы саясий концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо"; 2015-жылдын                       21-апрелиндеги № 230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобо”;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы                    № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 токтому менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо;

- 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы.


маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө: 

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: "Электрондук башкаруу жөнүндө", «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө», «Электрондук кол тамга жөнүндө»; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалымат базаларында камтылган маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бекитүү тууралуу" токтому.


макроэкономика, мониторинг, пландаштыруу, талдоо жана баалоо, региондук саясатты өнүктүрүү чөйрөсүндө:

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы”;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтому менен бекитилген "Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика Концепциясы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

- өзүнүн арызы форма боюнча;

- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме сүрөтү менен форма боюнча;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- чет тилин билгендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эл аралык кызматташтык жана тышкы жардам чөйрөсүнө документтерди тапшырган сынактын катышуучулары үчүн);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Жеке арыз жана резюменин формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот: http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө.


Документтер 2023-жылдын 9-августунан 21-августуна чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 106, каб.221 (ишемби жана жекшемби күндөрүнөн тышкары). Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.

Персонал менен иштөө боюнча бөлүмү, сурап билүү тел: 620535 (ички номер: 187, 205).


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу