Өлкөдө экспортту өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү улантылууда

Новости
08-Август 2023-ж.
1374

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө Экспортту өнүктүрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүнү улантууда. Бул демилгенин алкагында  Министрликтин соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери КРнын алдыңкы экспорттоочу компаниялары менен таанышып келди.

Демилгенин максаты экспорттук ишмердүүлүктүн учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алуу, ийгиликтүү тажрыйбаларды аныктоо жана андан ары колдоо жана кызматташуу үчүн компаниялардын муктаждыктарын аныктоо болгон.

Таанышкан компаниялардын арасында:

-"Кант-Сүт" ЖЧК - сүт азыктарын өндүрүп Россия Федерациясына, Казакстан Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана башка жакынкы өлкөлөргө экспорттоону ийгиликтүү ишке ашырган Ата мекендик компаниялардын бири;

-"САДЭКО" ЖЧК - балык продукциясына адистешкен, экспорттун жаңы рынокторун активдүү өнүктүрүп жана балык азыктарын керектөөчүлөрдүн көңүлүн өзүнө тартып турат;

- Дан Агро продукциясы "ЖЧК - дан буурчак продукциясын кайра иштетүүгө адистешкен компания Кыргыз рыногунда бул тармактагы негизги оюнчулардын бири болуп саналат;

Сапардын жүрүшүндө КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү аталган компаниялардын жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшүп төмөнкү маселелер талкууланды:

- Экспорттун учурдагы көлөмдөрү жана рыноктун багыттары;

- Дүйнөлүк рыноктордогу үлүштү көбөйтүү үчүн колдонулган стратегиялар;

- Компаниялар экспорттоодо туш болгон кыйынчылыктар;

- КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан колдоонун потенциалдуу багыттары.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бизнес-коомчулук менен диалогду улантууга жана экспортту андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтүүгө, дүйнөлүк аренада Кыргыз компанияларынын позицияларын бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын алдыңкы экспорттоочуларын карап чыгуу экспортту өнүктүрүү багытында ишти улантуунун жана дүйнөлүк рынокторго ийгиликтүү катышууга умтулууда улуттук компанияларды колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу