Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугунун баалоонун жыйынтыгы Экономика министрлигинин экспертизасынан көз каранды эмес

Новости
27-Сентябрь 2015-ж.
2041

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик органдардын 2015-жылдын 2-жарым жылдыгындагы ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ушул жылдын 16 жана 17-сентябрларында массалык маалымат каражаттарында жарыяланган чыгарылыштары жөнүндө түшүндүрүү максатында төмөнкүлөрдү билдирет.

Экономика министрлиги иштин натыйжалуулугун баалоону жүзөгө ашыруу боюнча координациялоочу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-февралындагы №105 токтому менен бекитилген, эсептөөлөрдүн түзүмү жана форматы, докладдардын жана отчеттердун берилиши, негизги көрсөткүчтөрдү пландаштыруу, натыйжалуу көрсөткүчтөрдү түзүү жана бул багыттагы башка аспектилер көрсөтүлгөн методика боюнча өзүнүн позициясын билдирет.

Баалоо боюнча иш 4 жылдан бери (2012-жылы) жүргүзүлүүдө, ар бир органдын аткаруучулары да, жетекчилери дагы бул маселе боюнча компетенцияда. Ошондуктан Экономика министрлиги кандайдыр-бир түшүнүксүз критерийлер боюнча баалоолор жүргүзүлгөндүгүнө жана формалдуу түрдө жүргүзүлгөндүгүнө таптакыр макул эмес, бул ИИМ жана МБК өкүлдөрүнүн тийиштүү маалыматка ээ боло албагандыгын билдирет.

Мындан тышкары, Экономика министрлиги дайыма органдар менен тыгыз байланышта иштейт жана отчеттордун жана докладдардын пункттарына, баалоолордун жыйынтыктарына алдын-ала макул болбогон учурда ушундай позицияларды иштеп чыгат. Баалоонун жыйынтыктоолоруна макул болбогон айрым органдар болсо бул иштин актуалдуулугу тууралуу жана иштин бул багытына ыйгарымдуу органдардын калыстыгы жөнүндө айтышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу